17.10.2025
«Тегерек стол: «Билим берүү, карьера, өзүн-өзү ишке ашыруу: жаңы муун үчүн келечектер»
17-октябрда Адам университетинде Германиядан келген делегациянын - Ландтага Саксония жеринин депутаттарынын жана Конрад Аденауэр фондунун өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столдун жүрүшүндө билим берүү түзүмү, дуалдык окутуу жана жаш муун үчүн өзүн-өзү ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маселелер талкууланды. Германиядан келген коноктор окуу жайлар менен ишканалардын өз ара аракеттенүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, билим берүү эмгек рыногу менен биргеликте болуу керектигин баса белгилешти.
Төмөнкүлөр баяндама жасашты:
- Элайне Йенч, Ландтага Саксония жеринин депутаты, Саксониянын чакан жана орто бизнесинин аймактык башкаруучу директору - билим берүү өзүн-өзү ишке ашыруунун ачкычы катары каралган Саксониянын стратегиясын баяндады.
- Тина Тромптер, Ландтага Саксония жеринин депутаты, кесиптик окутуу боюнча маркетинг адиси, дуалдык билим берүү системасында жаш кадрларды даярдоо жөнүндө айтып берди;
- Светлана Сирмбард, Адам университетинин ректору, Кыргызстандын билим берүү системасына анализ жасап, практикага багытталган программалардын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Студенттер талкууга активдүү катышып, жумушка орношуу, өнүгүү перспективалары жана эл аралык стажировкалар тууралуу суроолорду беришти. Ачык диалог форматы бардык катышуучуларга билим берүүнүн жана карьеранын келечеги жөнүндө пикир алмашууга жана идеяларды бөлүшүүгө мүмкүндүк түздү.
Тегерек столдун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы академиялык байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө жана кызматташууга даяр экендиктерин белгилешти.
#УниверситетАдам #AdamUniversity #Образование #Карьера #Самореализация #Кыргызстан #Германия #KAS #Сотрудничество #Молодежь #Развитие