30.10.2024
«Хэллоуин» темасында интерактивдүү сабак уюштурду
2024-жылдын 30-октябрында Гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын ага окутуучусу Сарымсакова А.Т., 1-курстун студенттерине «Хэллоуин» темасында интерактивдүү сабак уюштурду. Иш-чара катышуучуларды англис тилиндеги костюм кечесинин атмосферасына чөмүлтүп, аларга көңүл ачууга гана эмес, англис тилин үйрөнүүгө да мүмкүнчүлүк түздү.
Студенттер ар бири уникалдуу ашкабак шедеврлерин жаратып, өздөрүнүн чеберчилигин жана чыгармачылыгын көрсөтүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө алар ар кандай сынактарга да катышып, презентацияларды тартуулашып, англис тилинде ыр айтышты. Алардын аракетин баалап, ар бир катышуучу эсте калаарлык белектерге ээ болушту.
Сабактын интерактивдүү форматынын аркасында ар бир студент активдүү катышып, алган билимдерин практикада бекемдей алды, бул иш-чараны кызыктуу гана эмес, тарбиялык жагы да болду. Бул иш-чара окуу процесси кызыктуу жана ошол эле учурда эффективдүү болушунун эң сонун үлгүсү болду.