02.02.2024
Кымбаттуу студенттер!
Биз сонун жаңылыктарыбыз менен бөлүшүүгө кубанычтабыз! Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз! Сизде Латвияда билим алууга эң сонун мүмкүнчүлүк бар.
Латвия чет өлкөлүк студенттерге, изилдөөчүлөргө жана окутуучуларга 2024-2025-окуу жылында жайкы мектептерде жана жогорку жайларында билим алуу жана катышуу үчүн
стипендияларды сунуш кылууда. Стипендия жол кире, виза жана камсыздандыруу чыгымдарын камтыбайт.
Катышуу үчүн зарыл талаптар:
1. Арыз
2. CV;
3. Паспорттун көчүрмөсү;
4. Англис тили деңгээлин тастыктаган сертификат(бар болсо);
5. Мотивация каты;
6. Окуган жеринен справка.
Бардык документтер англис тилинде болушу жана тышкы байланыштар бөлүмүнө кагаз түрүндө берилиши керек.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү1-апрель, 2024.
Кошумча маалыматты биздин телеграм каналыбыздан ала аласыз.
