26.12.2024
9-декабрда «Иммунологиялык изилдөө ыкмалары. Иммуноглобулин E (IgE) аныктоо үчүн ферменттик иммуносорбенттик анализ” тема боюнча ачык лабораториялык иштер жүргүзүлдү
Ачык лабораториялык жумушка ЖММ студенттери катышышты, анын максаты - медицина факультетинин студенттерин ферменттик иммуносорбенттик анализдин(ИФА) методдорунун бири менен тааныштыруу болгон.
Бул ыкманы үйрөнүү студенттерге дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарга таасир эткен аллергиялык ооруларды аныктоону үйрөтүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Аллергиялык реакциялардын негизги маркерлеринин бири иммуноглобулин Е (IgE) болуп саналат. Иммуноглобулин E (IgE) - аллергендерге жооп катары иммундук систма
тарабынан өндүрүлгөн антитело.
Кандагы IgE деңгээлинин жогорулашы көбүнчө бронхиалдык астма, атопиялык дерматит
же тамак-аш аллергиясы сыяктуу аллергиялык оорулардын бар экенин көрсөтүп турат.
Лабораториялык иш үчүн тандоо катуу фазалуу ИФАга туура келди, ал жогорку сезгичтикке ээ, бул адамдын плазмасында жана канында IgE аз концентрациясын аныктоого мүмкүндүк берет. Ошентип, лабораториялык иш үчүн ELISA комплект иммуноглобулин E (IgE) аныктоо үчүн колднулган.
Студенттер методдун өзү менен таанышып гана тим болбостон, анализдин өзүн да жүргүзө алышты. Бул бизге техниканы теориялык жактан гана үйрөнбөстөн, аны практика жүзүндө да сынап көрүүгө мүмкүндүк берди. Студенттердин өздөрүнүн айтымында, мындай сабактар кызыктуу жана маалымат алуу жагынан пайдалуу гана болбостон, теманы тереңирээк түшүнүүгө да салым кошот.