10.10.2024
8-октябрда Бишкекте Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жана Конрад Аденауэр атындагы фонд менен биргеликте уюштурулган эл аралык форум өттү
8-октябрда Бишкекте Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жана Конрад Аденауэр атындагы фонд менен биргеликте уюштурулган эл аралык форум өттү. Иш-чара билим берүү тармагынын, инновациялык борборлордун жана стартаптардын өкүлдөрүн чогултуп, санариптештирүү доорунда билим берүүнү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Форумда инновациялардын жана стартаптардын билим берүү экосистемасындагы ролу, билим берүүнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн санариптик технологияларды колдонуу, ошондой эле онлайн билим берүүгө өтүү жана анын келечегине байланыштуу темалар каралды.
Форум катышуучуларга билим берүү мекемелеринин санариптик доордун чакырыктарына ыңгайлашуусуна жардам бере турган стратегияларды талкуулоого мүмкүндүк берген тажрыйба жана идеяларды алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды.
https://www.facebook.com/adamuniversitybafe/videos/401468532835648