Жаңылыктар жана окуялар

09.07.2025

2025-жылдын 30-июнунда Адам университетинде «Жеке менчик жогорку окуу жайларында стратегиялык каржылык пландаштыруу»

2025-жылдын 30-июнунда Адам университетинде «Жеке менчик жогорку окуу жайларында стратегиялык каржылык пландаштыруу» аттуу семинар өттү. Бул иш-чара Кыргызстандагы университеттердин каржылык автономиясын өнүктүрүү боюнча DEFA долбоорунун алкагында уюштурулду. Семинар гибриддик форматта өткөрүлдү.
Семинар учурунда Адам университетинин кызматкерлери бюджет түзүүнүн негизги аспектилери, стратегиялык пландаштыруунун максаттары жана милдеттери, ошондой эле аларга таасир эткен факторлор тууралуу айтып беришти. Айрыкча университеттин өзүнүн стратегиялык максаттарына, каржылык пландаштыруунун санариптештирилишине, каржы башкаруудагы инновацияларга, жана каржылык пландаштыруунун заманбап ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле катышуучуларга семинардын темасына байланыштуу суроолорду камтыган интерактивдүү тест сунушталды.

Бул семинар катышуучуларга жогорку билим берүү тармагындагы каржылык пландаштыруу боюнча билимин тереңдетүүгө жана жаңы практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Темага болгон активдүү катышуусу, конструктивдүү диалогу жана кызыгуусу үчүн бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз.
Биз алынган билимдер жана тажрыйба алмашуу Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын каржылык көзкарандысыздыгын өнүктүрүүгө түрткү берет деп ишенебиз.