Жаңылыктар жана окуялар

09.10.2024

2024-жылдын 3-октябрында Адам университетинин Э-1-24, М-2-24, УБ-3-24, Т-4-24 жана ИСТ-5-24 группаларынын студенттери М.В.Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинде болуп

2024-жылдын 3-октябрында Адам университетинин Э-1-24, М-2-24, УБ-3-24, Т-4-24 жана ИСТ-5-24 группаларынын студенттери М.В.Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинде болуп, жаш Совет мамлекетинин куралдуу күчтөрүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү аскер башчынын өмүр баяны менен таанышты.

Алар Фрунзе туулуп-өскөн биринчи кабатта жайгашкан үйүндө болушуп, 19-кылымдагы жана 20-кылымдын башындагы орус дыйкандарынын типтүү үйүнүн эң сонун үлгүсүн өз

көздөрү менен көрүштү.

Иш-чаранын максаты: студенттерди кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө тарыхый роль ойногон чыгаан инсан М.В. Фрунзенин өмүр баяны менен, Бишкек шаарынын тарыхы менен тааныштыруу, студенттерди Мекенин сүйүү, жоопкерчиликтүү болуу,патриоттук духта тарбиялоо.

Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган. М.В.Фрунзенин үй-музейине баруу жыл сайын Адам университетинин ГДДнын окуу- тарбия ишинин комплекстүү планына ылайык жүргүзүлөт.