03.12.2024
28 ноября 2024 года Университет Адам провел международную научно-практическую конференциию «Ключевые навыки в меняющемся мире: строим будущее вместе»
2024-жылдын 28-ноябрында Адам университети“Өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө негизги көндүмдөр: келечекти бирге куруу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү.
Адам университети Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана К.Аденауэр атындагы Фондунун колдоосу менен 2024-жылдын 28-ноябрында саат9-30да Инновация борборунда боло турган “Өзгөрүлүп жаткан дүйнөдө негизги көндүмдөр: келечекти бирге куруу” конференциясын өткөрдү. Иш-чара Инновациялык борбордо өтүп, ага эксперттердин, ага эксперттердин, бизнестин, билим берүү мекемелеринин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн85тен ашык катышуучу чогулду.
Конференция Адам университетинин ректору Светлана Сирмбарддын, Борбордук Азия боюнча аймактык программанын жетекчиси Андре Алгермиссендин, Германиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Габриэла Геллилдин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин баштапкы кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлнур Мамырованын куттуктоо сөзү менен
башталды.
Пленардык жыйында Адам университетинин ректору Светлана Сирмбард өз баяндамасында улуттук квалификациялык системаларды өнүктүрүү тенденцияларына
токтолуп, алардын атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоодогу ролуна басым жасады. Бардык баяндамачылар санариптик сабаттуулукту микроквалификациялар жана IT адистерин даярдоого жаңы ыкмалар аркылуу киргизүүдө санариптик сабаттуулуктун
европалык рамканын негизинде иштелип чыккан модулдук санариптик сабаттуулук
курстарын түзүүгө жана пайдаланууга өзгөчө көңүл бурушту.
Конференциянын экинчи бөлүгүндө катышуучулар «World Café», форматында топтордо иштешип, негизги көндүмдөрдү жана билим берүү стандарттарын өнүктүрүүнүн
сценарийлерин талкуулашты. Бул иштин алкагында төмөнкү негизги багыттар каралды:
• Кесиптик стандарттар жана квалификациялар;
• IT адистерин даярдоонун жаңы ыкмалары;
• Баалоо жана сертификациялоо куралдары;
• Билим берүү стандарттарыништеп чыгуу сценарийлери;
• Эл аралык кызматташтык.
Конференциянын жүрүшүндө эксперттер, бизнес, мамлекеттик жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жигердүү тажрыйба менен алмашышты, бул Кыргызстанда квалификацияны өнүктүрүү стратегиясын андан ары калыптандырууга өбөлгө болору шексиз.