Жаңылыктар жана окуялар

10.12.2024

2024-жылдын 26-ноябрында Адам университетинде “NextGIS nехнологияларынын негизинде санариптик карталарды түзүү” деген темада мастер-класс өттү

Иш-чаранын катышуучулары мейкиндик маалыматтары менен иштөөдө заманбап технологияларды колдонууга кызыккан студенттер, окутуучулар жана адистер болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар санариптик карталарды түзүүнүн толук циклин аякташты, анын ичинде: геомаалыматтарды иштетүү жана QGISте карталардын сырткы көрүнүшүн ыңгайлаштыруу, NextGIS Web платформасын колдонуу менен веб-карталарды жарыялоо, веб-карталарды ыңгайлаштыруу, анын ичинде интерактивдүү элементтерди кошуу жана бөлүшүүнү башкаруу.
Карталарды түрдүү колдонуучулар үчүн ыңгайлаштыруу жана долбоорлор боюнча кызматташууну уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чараны Эдуард Казаков (NextGIS билим берүү программалары боюнча директору) өткөрдү, анын тажрыйбасы жана терең билими катышуучуларга географиялык маалымат системалары менен иштөөнүн негизги этаптарын тез өздөштүрүүгө мүмкүндүк берди.
 Мастер-класс катышуучуларга географиялык маалымат системалары менен иштөө боюнча көндүмдөрүн жогорулатууга гана эмес, ошондой эле алардын заманбап
экологиялык, социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүүдөгү маанисин түшүнүүгө жардам берген баалуу билим берүүчү иш-чара болуп калды.
Мастер-класстын катышуучулары сертификаттарга ээ болушту.
Катышуучулар уюштуруучу Адам университетине жана NextGIS компаниясына географиялык маалымат системалары тармагында санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришет.
 Мастер-класстын тематикалык багыты БУУнун бир нече максаттарына жетүүнү колдойт:  ЦУР4 - Сапаттуу билим берүү: студенттер жана окутуучулар арасында санариптик өндүмдөрдү өнүктүрүү.
ЦУР 9 – Индустриялаштыруу инновация жана инфраструктура: маалыматтар менен иштөөдө инновациялык ыкмаларды колдонуу.
ЦУР 11 - Туруктуу шаарлар жана калктуу конуштар: шаар аймактарын пландаштыруу
жана башкаруу үчүн ГИСти колдонуу.
ЦУР 15 - Жер үстүндөгү экосистемаларды сактоо: жаратылыш ресурстарын сактоо үчүн мейкиндик маалыматтарды талдоо.