Жаңылыктар жана окуялар

26.09.2024

25-сентябрда Бишкек шаарынын ГУВДсынын СПЭНМ өкүлү Жумагазиев Н.О. менен чет өлкөлүк студенттердин жолугушуусу өттү.

Иш-чаранын максаты — чет өлкөлүк жарандар арасында укук бузуулардын алдын алуу жана алардын укуктарын коргоо. Талкууланган маанилүү темалар:

- Чет өлкөлүк жарандар катышкан кылмыштар жана укук бузуулар;

- Мыйзамсыз миграция маселелери;

- Коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин жана мыйзамдарды сактоо боюнча сунуштар.

Жолугушуу студенттер үчүн абдан пайдалуу жана маалыматка бай болду, алардын укуктук сабаттуулугун жана коопсуздугун арттырды.