Жаңылыктар жана окуялар

30.10.2024

23-октябрда Адам университетинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү!

Бул иш-чарада Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салым кошкон каармандар — Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев — эскерилип, студенттерде мекенге болгон патриоттук сезимдер ойготулду.

Мыкты иштер сыйлыктар менен белгиленип, дубал газеталар жана рефераттар көрсөтүлдү. Ал эми эң мыкты дубал газетасы үчүн ЛД-6-24 группасы сыйлыкка ээ болду!

Жеңүүчүлөр:

Темуров Аскат (КММА)

Орозобекова Жазгүл (КММА)

Аманалиева Милана (КММА)

Алишерова А. (АУ)

Насарбекова К. (АУ)

Каныбекова С. (АУ)