Жаңылыктар жана окуялар

21.02.2025

21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк Эл аралык эне тил күнү!

2025-жылдын 20-февралында Адам университетинде “21- февраль Бүткүл дүйнөлүк Эл аралык эне тил күнү!” аттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш чаранын максаты: Дүйнө элдеринин тилдик жана маданий салттары менен тааныштыруу, сабырдуулукка жана диалогго негизделген тилектештикти бекемдөө.
1-2-курстун студенттери арасында эне тили тууралуу дил баян, эң мыкты көркөм окууга жана дубал гезиттерге сынактар өткөрүлгөн.
Студенттер «ЮНЕСКО -  Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген мекемеси», «Бириккен улуттар уюму» жана «Дүйнө элдеринин тил  үй-бүлөлөрү жана топтору боюнча бөлүнүшү» деген темаларда мазмундуу презентацияларды даярдашты. «Экономика», «Менеджмент»,«Бизнести башкаруу», «Маалыматтык системалар жана технологиялар» ,«Туризм» багыттарынын, «Дарылоо иши» адистигинин жана ошондой эле  ЖММ Gm-3-22  группасынын студенттери Pakiza Tarig  жана Ayesha Raz    эне тилинде ыр окушуп жана кызыктуу музыкалык номерлерди көрсөтүштү.
Иш-чараны өткөрүүдө  1- курстун Э-1-24, М-2-24 ,УБ- 3-24,Т-4-24, ИСТ-5-24,  ЛД-6-7-8-24 группаларынын, 2-курстун Э-1-23  жана  ИСТ-5-23 группаларынын студенттери активдүү катышышты.