20.02.2025
2025-жылдын 19-февралында “Дарылоо иши”
2025-жылдын 19-февралында “Дарылоо иши” адистигинин 1-курсунун студенттери Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрында болушуп, кыргыз элинин улуу акыны Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата “Жолугушчу жолдор бар” спектаклин көрүштү. Ошондой эле акындын өмүрү, чыгармачылыгына арналган сүрөт-көргөзмөнү кызыгуу менен карап чыгышты.
Иш-чаранын максаты: кыргыз поэзиясынын алп акыны Алыкул Осмоновдун өмүр таржымалы, акындын тагдыры, чыгармачылыгы, кыргыз поэзиясындагы алган орду менен тааныштыруу.
Акындын ырлары аркылуу студенттерди патриоттуулукка, эли-жерин, ата журтун сүйүүгө тарбиялоо.






