Жаңылыктар жана окуялар

18.03.2026

Адам университетинде «Салыктык сабаттуулук» темасында конок лекциясы өттү

2026-жылдын 18-мартында Адам университетинде «Салыктык сабаттуулук» темасында конок лекциясы болуп өттү.
Спикер: Пак Вячеслав Вячеславович – КР Президентине караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун экономикалык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер төмөнкүлөр боюнча маалымат алышты:
•    Жашоонун ар кандай этаптарында салыктарды түшүнүүнүн маанилүүлүгү;
•    Ижара, мурас жана башка кирешелердеги салыктык милдеттенмелер;
•    Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинин мүмкүнчүлүктөрү;
•    Көп кездешкен салыктык каталар жана алардан качуунун жолдору.
Лекция жандуу диалог форматында өтүп, студенттер жигердүү суроолорду беришти жана салыктык сабаттуулук боюнча практикалык сунуштарды ала алышты.
Кызыктуу жана пайдалуу жолугушуу үчүн спикерге терең ыраазычылык билдиребиз!