19.06.2025
2025-жылдын 18-июнунда Бишкек шаарында «Туруктуулуктун төрт өлчөмү: регион, өлкө, университет, адам» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү
2025-жылдын 18-июнунда Бишкек шаарында Конрад Аденауэр фондунун колдоосу менен Адам университети тарабынан уюштурулган «Туруктуулуктун төрт өлчөмү: регион, өлкө, университет, адам» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. 70тен ашуун катышуучу – мамлекеттик органдардын, бизнестин, университеттердин өкүлдөрү, эксперттер жана студенттер туруктуу өнүгүүнүн негизги көйгөйлөрүн жана чечимдерин талкуулашты.
Программада: • климаттык чакырыктар жана экосаясат • туруктуулукту институционалдык башкаруу • ЖОЖдордун ESG/SDG күн тартибиндеги ролу • жаштардын жана жарандык коомдун катышуусу • туруктуу темаларды билим берүүгө интеграциялоо • жана жеке туруктуулук боюнча интерактивдүү сессия: ар бирибиз келечекке кантип таасир этебиз. Жыйынтыгында: • ЖОЖдор үчүн сунуштар иштелип чыгат • кызматташуу боюнча демилгелер сунушталды • Туруктуулук форумунун жыл сайын өтүүчү идеясы талкууланды.
Конференция түрдүү секторлор арасында тажрыйба жана идеяларды алмашуу үчүн жандуу аянтча болуп калды.
Туруктуу келечекке кошкон салымы үчүн бардыгына ыраазычылык билдиребиз!









