17.03.2026
АДАМ университетинин «SANITARY STARS»
АДАМ университетинин «SANITARY STARS» командасы ЖОЖдор аралык олимпиадада ийгилик жаратты
2026-жылдын 17-мартында И.К. Ахунбаев атындагы КММАда өткөн «ПРОФИЛАКТИКА — ДЕН СООЛУКТУ САКТООНУН ЖОЛУ» аттуу ЖОЖдор аралык студенттик олимпиадага АДАМ университетинин Жогорку медицина мектебинин 2, 3 жана 4-курстарынын студенттеринен куралган «SANITARY STARS» командасы катышты.
Олимпиада учурунда студенттер өздөрүнүн терең билимин, жөндөмдөрүн жана жеке сапаттарын көрсөтүп, жалпы маданий жана кесиптик компетенттүүлүгүн бекемдешти. Олимпиада 4 этаптан турду:
• Команданын видео-визиткасы;
• «Kahoot!» электрондук платформасынын жардамы менен блиц-сурамжылоо;
• Практикалык тапшырмаларды чечүү;
• Инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу темасында сахналаштырылган көрүнүш.
Биздин студенттер төмөнкү дисциплиналар боюнча катышып, өздөрүн татыктуу көрсөтө алышты, жогорку деңгээлдеги даярдыгын далилдеп, ыраазычылык каттарына ээ болушту:
1. Mohammad Hamza — Коомдук саламаттык сактоо;
2. Zohaib Hussain — Эпидемиология;
3. Banoth Mahendar — Жалпы гигиена;
4. Muhammad Usman — Гигиена;
5. Javed M. Mudassir — Микробиология, вирусология жана иммунология.
Студенттерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктайбыз жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!