Жаңылыктар жана окуялар

19.08.2024

2024-жылдын 16-17-июлунда Самарканд шаарындагы «Жибек жолу» Эл аралык туризм жана маданий мурас университетинде Өзбекстан менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун экинчи форуму болуп өттү

Форум «Заманбап шарттарда Өзбекстан менен Кыргызстандын жогорку билимин жана
илимин өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрү» деген темага арналды. Иш-чарага Адам университетинин ректору Сирмбард С.Р. катышып, негизги панелдик сессиялардын биринде баяндама жасап гана тим болбостон, модератор катары да катышты.
Пленардык жыйында катышуучулар билим берүүнү башкаруу, медициналык билим берүүдөгү жаңы технологиялар, ошондой эле ЖОЖдо санариптештирүү жана жасалма
интеллект маселелерин талкуулашты.
Форумдун жүрүшүндө Адам университети менен  Самарканд мамлекеттик медициналык университети, Абу Али ибн Сино атындагы Бухара мамлекеттик медициналык институту,
Анжиян медициналык институту жана Мухаммад аль-Хорезми атындагы Ташкент маалымат технологиялар университетинин ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюлду.