19.01.2024
2024- жылдын 15-январында Адам университетинде Синьцзян медициналык университетинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
Талкуунун негизги темасы кызматташтыкта университеттердин өз ара аракеттенүүсүн
өнүктүрүү жана медицина тармагында дүйнөлүк деңгээлдеги жаңы инновациялык билимдерди алуу болду. Ошондой эле, тараптар медицина тармагында студенттер менен окутуучулардын билимдерин өнүктүрү жана алмашууга байланыштуу кызматташуунун
мүмкүн болуучу багыттары боюнча пикир алышты.
Тараптар ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнү макулдашты жана төмөнкү милдеттерди биргелешип ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатышат. . Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуу жөнүндө меморандумга колкоюлуп, ага ылайык тараптар кызматташуу үчүн бекем негиз түзүүгө ниеттенүүдө.




