30.10.2024
2024-жылдын 15-16-октябрында Бишкек шаарында интеллектуалдык менчик тармагына кызыккан юристтер, ЖОЖдор жана бизнес түзүмдөрдүн өкүлдөрү үчүн курс курс болуп өттү
Бул курска университетибиздин атынан “Экономика, менеджмент жана туризм”
программасынын окутуучусу Чотонова Ч.У. катышып, талкууларга жана практикалык көнүгүүлөргө активдүү катышты.
Курстун негизги максаттары: Интеллектуалдык менчикти коргоо принциптерин өздөштүрүү.
- патенттик өтүнмөлөрдү берүү, товардык белгилер жана географиялык көрсөткүчтөр менен иштөө көндүмдөрдү тапшыруу;
- Кыргызпатентте жана чет өлкөлүк патенттөөдө каттоо процесси менен практикалык түрдө таанышуу.
Тренинг аяктагандан кийин катышуучулар квалификациясын жогорулатуу жана
интеллектуалдык укуктарды коргоо боюнча практикалык билимдер боюнча сертификаттарга ээ болушту.