Жаңылыктар жана окуялар

14.11.2025

12 ноября 2025 года состоялась Научно-практическая конференция, посвященная Дню науки. Тема конференции: "Векторы развития современной науки и образования"

2025-жылдын 12-ноябрында Илим күнүнө арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын темасы: «Заманбап илим жана билим берүүнүн өнүгүү векторлору».
Иш-чаранын максаты – заманбап чакырыктар жана санариптештирүү шартында илим менен билим берүүнүн өнүгүүсүнө байланышкан стратегиялык маселелерди талкуулоо жана алардын интеграциясынын багыттарын аныктоо болду.

Конференциянын ачылышында мамлекеттик түзүмдөрдүн жана алдыңкы билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү саламдашуу сөздөрүн айтып, негизги докладдар менен чыгып сүйлөштү:

Пак Вячеслав Вячеславович — Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун экономика боюнча бөлүмүнүн башчысы;
Мамаюсупов Омурзак Шаренович — «Ноокат билимканасы» мамлекеттик математикалык лицей-интернатынын негиздөөчүсү жана илимий жетекчиси;
Бримкулов Нурлан Нургазиевич — профессор, КГМА;
Жамангулов Азат Айтбекович — Адам Университетинин окуу жана илимий иштер боюнча проректору.
Конференциянын иши эки тематикалык секциянын алкагында уланды, анда окутуучулардын жана студенттердин илимий баяндама-долбоорлору сунушталды. 

1-секция: Медицинадагы илим: жетишкендиктер жана келечек
Секцияда төмөнкү актуалдуу маселелер талкууланды:
медициналык ЖОЖдордо инновациялык окутуу  ыкмалары; экологиялык билим берүүдөгү көйгөйлөр; эхинококкоздун эпидемиологиялык аспектилери; жасалма интеллект (ЖИ) технологияларын колдонуу менен оорулардын диагностикасы жана дарылоонун заманбап ыкмалары, анын ичинде рактын жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын эрте аныкталышы.

2-секция: Билим берүү жана илимдеги өнүгүү перспективалары жана санарип инновациялар
Бул секция билим берүү жана илим тармактарындагы санариптик трансформациянын маселелерине арналды. Талкууланган негизги темалар:
- билим берүү процессине санарип технологияларын жана ЖИ инструменттерин киргизүү жана жакшыртуу;
- студенттерде ишкердик ой жүгүртүүнү өнүктүрүү;
- геймификацияны мотивацияны жогорулатуу куралы катары колдонуу;
- STEM/STEAM жана инклюзивдүү билим берүү сыяктуу эл аралык билим берүү стандарттарын адаптациялоо;
- илимий потенциалды өнүктүрүүдөгү эл аралык кызматташтыктын ролу;
- ЖИ доорундагы экономикалык божомолдор жана Экономикалык Татаалдык Индекси.
Жыйынтыгында, конференциянын резолюциясы кабыл алынып, Адам Университетинин мыкты илимий жана практикалык иштерин көрсөтө алган студенттерге сертификаттар тапшырылды. Ошондой эле жалпы катышкан окутуучулар менен студенттерге да сертификаттар ыйгарылды.
Адам Университети бардык баяндамачыларга, модераторлорго жана катышуучуларга заманбап илим менен билим берүүнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.