Жаңылыктар жана окуялар

25.03.2026

2025-жылдын 11-декабрында Адам университети менен адистерге, уюмдарга жана мекемелерге кызматташуунун бардык этаптарында

2025-жылдын 11-декабрында Адам университети менен адистерге, уюмдарга жана мекемелерге кызматташуунун бардык этаптарында: ылайыктуу талапкерлерди тандоодон баштап, кесиптик жана маданий даярдыкка чейин, ошондой эле Германиянын компаниялары менен мекемелеринде ийгиликтүү интеграциялануу жана узак мөөнөттүү өнүгүүгө чейин колдоо көрсөткөн Германиянын Monvel UG компаниясынын ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.
Кызматташуу келишимине Адам университетинин ректору, доцент Сирмбард Светлана Рустамовна жана Monvel UG компаниясынын аткаруучу директору Дениз Мари Градецки (Denise Marie Hradecky) кол коюшту.
Тараптар билим берүү жана илимий ишмердүүлүк чөйрөсүндө, ошондой эле алдыңкы тажрыйбаны колдонуу жана илимий иштеп чыгууларды окуу процессине киргизүүдө бири-бирине ар тараптуу колдоо көрсөтө тургандыгын билдиришти. Ошондой эле академиялык, илимий жана маданий байланыштарды түзүүгө, илимий потенциалды өнүктүрүүгө жана адистерди кесиптик даярдоонун жогорку сапатын камсыз кылууга даяр экендиктерин белгилешти.