12.06.2026
Erasmus+ International Credit Mobility программасына катышуу үчүн жарыя
Грециядагы Аристотель атындагы Салоники университети 2026–2027-окуу жылынын күзгү семестри үчүн кызматкерлер арасында Erasmus+ International Credit Mobility программасына катышуу боюнча сынак жарыялайт.
Мобилдүүлүктүн түрлөрү:
* Окутуучулук мобилдүүлүк (Teaching Mobility)
* Тажрыйба алмашуу/квалификацияны жогорулатуу (Training Mobility)
Мобилдүүлүк мөөнөтү:
2026-жылдын 1-ноябрынан 2027-жылдын 29-январына чейин
Номинация тапшыруунун акыркы мөөнөтү:
2026-жылдын 23-июлу
Катышууга кызыккан кызматкерлер кошумча маалымат жана керектүү документтер боюнча Эл аралык байланыштар бөлүмүнө кайрылса болот.