Жаңылыктар жана окуялар

18.04.2024

Университеттин окутуучусу М.М. Михайловдун жетекчилиги менен «Экономика, менеджмент жана туризм» программасынын 2-курсунун студенттери Ысык-Ата капчыгайында болушту

Экскурсиянын жүрүшүндө алар жаратылыштын кооздугуна суктанып гана тим болбостон,
аймактын тарыхынан жана жана маданиятынан да терең маалымат алышты.
Жолдо студенттер Мухаммеддин ташы жана Дарыгер Будданын ташы сыяктуу тарыхый
маанилүү жерлерге барышты. Алар уникалдуу маданий мурастын атмосферасына сүңгүп,
жергиликтүү уламыштар жана салттар менен  таанышышты.
   Сапардын эң бийик жери 2200 метр бийиктикте жайгашкан шаркыратма болду. Ал жерден студенттер  жаратылыштын укмуштуудай  кооз көрүнүштөрүнө суктанып, көңүлдүү эс алышты.
   Бул саякат студенттерге  эстен кеткиз таасир калтырды.
Биздин университет ар жума сайын ушундай саякаттарды уюштуруп турат жана кимде ким кызыкса бизге жазсаңыз болот.