Бөлүмдөр

Адам Университетинде 1 000ден ашык студент күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүндө төрт бүтүрүүчү жана эки көмөкчү кафедраларда Бишкектин үч кампусунда билим алышат. 

Мындан тышкары, университеттин ичинде  10 түзүмдүк бөлүмдөр бар, алар университеттин уюштуруу, окуу, усулдук, илимий, тарбиялык, чарбалык жана каржылык ишин камсыз кылат.

Окуу бөлүмү

Адам Университети / БФЭА 2004-жылы Болон процессинин - которуу жана кредит топтоо системасынын алкагында билим берүүгө өткөн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алгачкы  пилоттук окуу жайлардын катарында жана “Бакалавр” даражасын ыйгаруу менен бакалавр программалар боюнча окутууну камсыз кылат. 2005-жылы “Экономика” жана “Менеджмент” багыттары боюнча магистрлик программалар ачылган. Ошол эле учурда беш жылдык программа боюнча адистерди даярдоо жүргүзүлгөн. 2009-жылы “Туризм” багыты боюнча  магистрлик программа ачылган.

Академиянын өнүгүшүнүн бардык баскычтарында билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл бурулган. БФЭА республикабыздын жогорку окуу жайларынын ичинен алгачкылардан болуп CAMEQ көз карандысыз аккредитациялык агентствонун институционалдык  аккредитациясынан өткөн жана билим берүү сапатынын ”Алтын диплому”  менен сыйланган.

2013-жылы пилоттук жождун катарында университет PhD программасы боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдай баштаган. Университетте билим берүү процесси квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрлар тарабынан камсыз кылынат:

  • Илимдин докторлору - 10%
  • Илимдин кандидаты - 37%
  • Магистрлер - 18%

БФЭА финансы жана экономикалык чөйрө үчүн 2118 бүтүрүүчүлөрдү даярдап чыгарган, учурда алар өлкөбүздө жана чет мамлекеттерде ийгиликтүү  кызмат кылышууда.

Карьера Борбору

Адам Университетинин Карьера Борбору атайын иш-чараларды, программаларды, консультацияларды жана ресурстарды уюштуруу жолу менен абитуриенттерге, студенттерге жана бүтүрүүчүлөргө карьералык максаттарды аныктоого жана аларга жетүүгө жардамдашкан Академиянын бөлүмдөрүнүн ишин жүзөгө ашырган жана координациялаган орган.

Карьера борборунун миссиясы студенттерге жана бүтүрүүчүлөргө кесиптик карьераны тандоодо, пландаштырууда жана өркүндөтүүдө көмөктөшүү, университеттин түзүмдөрү жана иш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташуу аркылуу аларга сапаттуу кеңештерди, ресурстарды берүү менен динамикалык глобалдык коомдо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

Адам Университетинин Карьера Борборунун порталы

Тышкы байланыштар бөлүмү

Университет мамлекеттик түзүмдөр, иш берүүчүлөр, коомдук жана эл аралык уюмдар, ошондой эле Европа, Азия университеттери, алардын ичинде: Улуу Британия, Германия, Франция, Испания, Норвегия, Швеция, Финляндия, Италия, Литва, Латвия, Россия Федерациясы, Казахстан Республикасы ж.б. менен кеңири кызматташтык байланышта. Тышкы байланыштар бөлүмү Университеттин улуттук жана эл аралык өнөктөштөр менен өз ара кыэматташтык байланыштарды ишке ашырат.
Университет түзүлгөндөн бери долбоордук ишмердүүлүк жаатында жигердүү иштеп келет. Университеттин билим берүү программалары Европанын алдыңкы университеттери менен тыгыз кызматташтыкта иштелип чыккан.

Университет өзүнүн биринчи долбоорун 1995-жылы Тынчтык Корпусу, Евразия Фонду жана “Жумушсуздар үчүн кесиптик окутуу” боюнча Каунтерпарт Консорциумунун колдоосу менен жеңип алган. Билим берүү иш-аракеттеринин алкагында Адам университети ЕБ, ЕККУ, USAID, БАЕФ, АӨБ жана башка донор уюмдар, анын ичинде Европа университеттери менен биргеликте 70тен ашык долбоорду ишке ашырды. Адам муниверситети  Еврокомиссия колдогон «Erasmus+»  долбоорунун активдүү катышуучусу. 1999-жылдан 2012-жылга чейин АУ ар кандай тармактагы 14төн ашык «ТEMPUS» и «Erasmus» долбоорлорун ишке ашырган.